Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылат
- 29.03.2023, 10:27,
- Коом / Спорт / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Садыр Жапаровго таэквондо боюнча ардактуу тогузунчу дан ыйгарылат. Мындай чечимди дүйнөлүк таэквондо федерациясынын (WTF) президиуму кабыл алган. Бул тууралуу WTF президенти Чунг Вон Чон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушууда билдирди.
Маалыматка ылайык, ранг жакын арада президентке тапшырылат.
Таэквондо боюнча тогузунчу данды Казакстан, Россия, АКШ, Индонезия, Гондурас, Испания, Хорватия, Пакистан мамлекеттеринин президенттери жана БУУнун экс-баш катчысы Пан Ги Мун алган.
Тогузунчу дан — чеберчиликтин эң жогорку даражасы. Аны таэквондону жайылтууга салым кошкондорго ыйгарышат.