У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сузакта 19 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталган. Шектүү кармалды


     Сузак районунда өз кызын зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 19 жаштагы кыз кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын сентябрь айынын аягында 42 жаштагы атасы Н.К. күч колдонуп зордуктаганын билдирген. 

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз мектепте окуп жүргөндө эле атасы тарабынан зордукталган. “Эгер бирөөгө айтсаң апаңды жок кылам” деп коркуткандыктан кыз эч кимге айтпай келген. 

«Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды», - деп билдиришти башкармалыктан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter