У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каныбек Иманалиев: Дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты студенти даярдоого 3 миң доллар керек


Дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты студенти даярдоого 3 миң доллар керектелет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 27-мартта билдирди.
 
Анын айтканына караганда, бул көрсөткүч ОшМУда 1066 долларды, Улуттук университетте 334 доллары түзөт. Тактап айтканда,  Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алуунун баасы дүйнөлүк стандартка салыштырмалуу 3 эсе арзан.
 
Ошондой эле министр, дүйнөлүк атаандаштыкка чыдай ала турган студенттерди даярдоо үчүн талапка ылайык каражат жумшалышы керектигин, азыркы учурда Салымбековдун окуу жайы  гана студенттерге чоң суммадагы каражатты жумшай турганын кошумчалады. 
 
Эске салсак, бүгүн, 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги “Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүү трансформациялоо жолунда” аталышындагы жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп өткөрүүдө.
 
Университеттин моделин талкуулоо үчүн мамлекеттик түзүмдөр, жогорку кесиптик билим берүү уюмдары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө, аналитикалык уюмдар, аккредитациялоочу агенттиктердин өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter