У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кыргызстан Кытайдан 1500 автобус алат


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шаньдун провинциясынын элдик өкмөтүнүн тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Цай Сяньцзин жетектеген кытайлык делегацияны кабыл алды.
 
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки тарапты кызыктырган бардык багыттар боюнча кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелери талкууланды.
 
Анын ичинде тараптар Бишкек мэриясы үчүн Кытайдан чыгарылган 1500 автобус алуу маселесин талкуулашты. Акылбек Жапаров белгилегендей, жогоруда аталган долбоорду ишке ашырууда Бишкек шаарында тейлөө борборлорун ачууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
 
Өз кезегинде Кытай делегациясынын өкүлдөрү айтылган пикирге макул болушкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter