У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Экономика министрлиги камсыздандырылбаган үйлөрдүн электр энергиясын өчүрүүнү сунуштоодо


 Экономика жана коммерция министрлиги 10-мартта өкмөттүн 2012-жылдын 22-августундагы №576 “Электр энергиясын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүүнү коомдук талкууга койду.
 
Электр энергиясын пайдалануу эрежелеринин 90-пунктуна толуктоо киргизүү сунушталууда. Азыркы редакцияда электр тармагына кошулган батирге (турак жайга) кирүүдө жаңы менчик ээси же ижарачы бөлүштүрүүчү компания менен келишим түзүп, өзүнүн атынан жеке эсеп ачууга милдеттүү. Эгерде келишим түзүлбөсө, бөлүштүрүүчү компания жаңы менчик ээсине электр энергиясын берүүдө мүмкүн болуучу үзгүлтүккө учуроо жөнүндө эскертүү менен каттоонун зарылдыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүү жөнөтөт.
 
Экономика министрлиги ошондой эле жаңы менчик ээлерин жана ижарачыларды бөлүштүрүүчү компанияга турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин көрсөтүүгө милдеттендирүүнү сунуштайт.
 
««Электр тарамдарына мурун кошулган батирге (турак үйгө) киргенде жаңы кожоюн жана батирди жалдоочу лицензия алуучу менен келишим түзүп, өзүнүн атынан өздүк эсеп ачууга жана милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин көрсөтүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөттө Келишим жана камсыздандыруу полиси таризделбесе, лицензия алуучу электр энергиясын берүү токтотулушу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү менен тариздөө керектиги туурасында жаңы кожоюнга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтө», - деп айтылат документте.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter