У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте дагы бир үй-бүлө күч менен үйүнөн чыгарылды-видео


Бишкектин Рухий-Мурас жаңы конушунда дагы бир үй-бүлө милиция кызматкерлери тарабынан күч менен үйүнөн чыгарылды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымат каражаттарына билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту 2020-жылдын 20-январында Д.Г., Д.Ч., Ч.Н., К.К., Ч.Г.,жана А.Б.ны  Бишкек шаарындагы Рухи-Мурас конушунда жайгашкан үйдөн мажбурлап көчүрүү боюнча чечим чыгарган.
 
2023-жылдын 1-мартында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан РИИБге соттун чечимин аткаруу 2023-жылдын 7-мартында саат 10:00гө белгиленгендиги тууралуу кат жөнөтүлгөн.
 
Буга байланыштуу соттун чечимин аткарууда коомдук тартипти сактоо максатында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн.
 
Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин ИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
 
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жаран Д.Ч. алынып келинип, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң ал бошотулган. 



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter