У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Зордукталган 13 жаштагы өспүрүмдүн иши боюнча Башкы прокуратура маалымат берди


     Бишкекте 13 жаштагы кыздын зордуктоо фактысы боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, прокуратура Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарына жана медицина кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Далилдерди бурмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун тастыктады.
 
«Январь айында бул иш боюнча соттук-медициналык эксперт Б.Г. кармалып, ага карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Февраль айында Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү кармалган. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда. Мындан тышкары, Башкы прокуратура А.Ж.ны зордуктоо фактысы боюнча тергөөнү токтотуу чечимин жокко чыгарды. Маселени көзөмөл органы иликтеп жатат. Кылмышка шектүү И.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter