У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо акысы жогорулады


Кыргызстанда республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик билим берүү жана китеп басып чыгаруу саясаты башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев билдирди.
 
Анын айтымында, каттоо 7-апрелге чейин уланат.
 
ЖРТ 2023-жылдын 19-майынан 24-майына чейин өткөрүлөт.
 
Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева өз кезегинде быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо акысы кымбаттаганын билдирди.
 
Анын айтымында, быйыл негизги тест жана ар бир предметтик тест үчүн төлөмдүн суммасы 470 сомду түзөт (мурда 370 сом болчу).
 
Белгиленгендей, бул суммага тестирлөөгө суроолорду даярдоо, жеринде тестирлөө, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кирет.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter