У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Депутат абакта төрөгөн аялга ырайым берүүнү суранды


 Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов абакта төрөгөн аялга ырайым кылууну суранды. Бул тууралуу ал 1-марттагы жыйында билдирди. 
 
"Кечээ интернеттин баарына жаңы төрөлгөн ымыркайы менен сотко келген аялдын сүрөтү чыкты. Ушул аялдын ишин адилеттүү чечип берип, анын карызын мамлекет жактан караштырып берсек. Эми ырайым кылып берсеңиздер. Аял кишини бизде эзелтеден сыйлап келген. Адашпаган адам жок", — деди Икрамов.
 
Эске салсак, ымыркайы менен абакта отурган аялдын сүрөттүн жактоочу Замир Жоошев фейсбуктагы баракчасына чыгарган. Ал аял абакта төрөгөнүн, баласы менен сотко алынып келингенин жазган. Ошондой эле жактоочу аял көп суммада карыз алып төлөй албай, үстөгү өсүп кеткенинен улам камакка алынганын билдирген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter