У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: Мектепке ата-энелерден акча чогултулбашы керек


Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин милдеттин аткаруучу болуп дайындалган Каныбек Иманалиевге ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди (бор, чака, тряпка, ж.б.) сатып алууга акча чогултулбасын деген тапшырма берди.
 
Бул тууралуу ал 25өфевралда Каныбек Иманалиевди кабыл алганда билдирди. Анын айтканына караганда, мектепти оңдоп-түзөө жана керектүү нерселерди сатып алуу республикалык бюджеттен акча бөлүнөт.
 
Буга чейин иштеп кеткен Билим берүү министрлери мектептер ата-энелердин жардамы жок өнүгө албай турганын айтышып, мектептеги акча чогултууну мыйзамдаштырууну сунушташып келишкен. Ошондой эле министрлер  класстын муктаждыгын мамлекет каржылай албай турганын, мектеп ата-энелердин колдоосуна мактаж экендигин баса белгилешип, шаар, айылдарга атайын бир суммадагы мектеп фонддун киргизүүгө аракет кылышкан. Бирок, бул сунушту экс-министрлер ишке ашыра алышкан эмес. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter