У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте балдар ооруканасында бир жаштагы бөбөк каза болду


 Бишкектин Шаардык балдар ооруканасында менингококк инфекциясынан бир жаштагы бала каза болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.
 
Балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, наристе ооруканага 23-февраль күнү кечинде оор абалда түшкөн.
 
«Наристе оорукананын реанимация бөлүмүнүн бокстуу бөлүмүнө жаткырылды. Ымыркайдын абалынын оордугун эске алып, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын адистери шашылыш консультацияга чакырылып, алар «Менингококк инфекциясы, генерализацияланган түрү» диагнозун тастыкташты. Жүргүзүлгөн реанимациялык комплекстүү иш-чараларга карабастан, наристе ооруканага түшкөндөн кийин алты сааттан кийин чарчап калды», - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter