Сокулукта жарандык жолдошу сабаган 24 жаштагы аял каза тапты
- 14.12.2022, 17:17,
- Коом / Жаңылыктар
- 1
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Чүй облусунун Сокулук районунда жарандык жолдошу тарабынан сабалган 24 жаштагы аял каза тапканын Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-декабрда аял ар кандай жаракаттары менен Сокулук аймактык ооруканасына түшкөн. Бирок көрсөтүлгөн жардамга карабастан ал каза болгон.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, маркумдун 30 жаштагы жарандык жолдошу шектүү катары кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.
Кыргызстанда жыл башынан бери он айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан 15 аял каза тапкан.
ИИМдин маалыматына караганда, өткөн жылы өлкөдө 10 миңден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 12%га көп.