Бишкекте жол кире акысы 40-50 сом болгон VIP кичи автобустарды каттамга чыгаруу пландалууда
- 27.09.2022, 19:56,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев Бишкектеги коомдук унаалар боюнча маселени көтөрүп, каттамга жол кире акысы 30-40 сом болгон, ыңгайлуу, шарттары бар кичи автобустарды каттамга чыгарууна сунуштады.
Мэриянын Транспорт департаментинин директору Максат Нусубалиев бул маселе буга чейин көтөрүлгөнүн азыр иш жүрүп жатканын, борбор калаада VIP транспорттор жүргүзүлүшү мүмкүн экенин билдирди.
«Бул долбоор макулдашылып жатат. Жакында шаардык кеңештин кароосуна киргизилет. Шаарга VIP-автобустардын белгилүү бир түрүн киргизүү каралган. Жол кире 40-50 сом болот»,— деди ал.