У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Коомдук транспорттогу жол кире акысы качан жана канча сомго көтөрүлөт?..


 Бишкектеги коомдук транспорттогу жол кире акысын көтөрүү маселеси мэрияда кайра көтөрүлдү. Бул маселени кайра кароого транспорт багытында иштеген  фирмалар менен айдоочулардын азыркы жол кире акысы өзүн актабай жатканын айтып кайрылганы себеп болгон. 
 
Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жол кире акысы канча сомго жана качан көтөрүлүшү мүмкүн экенин 24.kg агенттигине берген маегинде билдирген.
 
Анын айтканына караганда, азыр тарифти көтөрүү жөнүндө эмес, ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жөнүндө гана сөз болуп жатат. 
 
“Тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүп, айдоочулардын чыгашасын, кирешесин изилдеп, бир жүргүнчүнү ташуунун реалдуу чыгымын эсептеп, тариф өзүн актайбы же жокпу такташыбыз керек. Бизге көптөгөн коомдук транспорттун айдоочулары, жеке компаниялардын жетекчилери тарифти көтөрүү өтүнүчү менен кайрылышат. Алар жол кирени көтөрүүгө күйүүчү майдын жана тетиктердин баасынын өскөнүн себеп кылышууда. Эми муну Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары чечет. Бирок жакын арада бул маселе каралбайт”, -деп билдирген ал. 
 
Ошондой эле Максат Нусувалиев жол кире акысы эсе көтөрүлбөй турганын, көтөрүлсө да 15-20 пайыз, 3-4 сом кошула турганын кошумчалаган.
 
“Кээ бир фирмалардын жетекчилери жол кире акысын 50 сомго көтөрүүнү сунушташууда. Бул абсурд деп ойлойм. Мындай болушу мүмкүн эмес жана болбошу керек”, -деген Нусувалиев.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter