У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук гвардиянын 2 жоокери зордуктоого шектелүүдө


 Бишкекте Улуттук гвардиянын эки жоокери зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга тарады.
 
Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 9-сентябрда маалымат каражаттарына аталган факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, чогултулган материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилгенин билдирген.
 
Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Сирожиддин Камолидинов жабырлануучу Б.Унун берген маалыматына таянып, маалымат каражаттарына окуя 5-сентябрда таңкы саат бештер чамасында Сыдыков көчөсүндө болгонун, жабырлануучу Б. У. бейтаныш эки адам тарабынан зордукталганын кабарлаган.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө зордуктоого күнөөлөнүп жаткан адамдар аныкталып, суракка алынган.
 
«Алар Улуттук гвардиянын жоокерлери болуп чыкты. Тартипке ылайык, материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилип, тергөө иштери жүрүп жатат, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилет», — деп билдирген Акипресс агенттигине Камолидинов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter