У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Базар-Коргон районунда кутурма оорусунан бир адам каза болду


Базар-Коргон районунда кутурма оорусунан бир адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
 
Маалыматка ылайык, 1-сентябрь күнү 1950-жылы туулган бейтап кан басымы көтөрүлүп, уйкусуздук, башы ооруп, алсыздык, тамакка табити тартпай, деми кысылып жатканын айтып аймактык дарыгерлерге кайрылган.
 
Текшерүүдөн кийин жүрөктүн ишемиялык оорусу, стенокардия, гипертония деген диагноз менен терапевттик бөлүмгө жаткырылган. Пациенттин абалынын начарлашына байланыштуу консультация (инфекционист, ревматолог, терапевтик бөлүмдүн башчысы) өткөрүлүп «Гидрофобия» диагнозу коюлуп, ал жугуштуу оорулар бөлүмүнө которулган. Бейтап кечээ эртең менен каза болгон.
 
Маркумдун уулунун айтымында, апрель айында атасы үйгө күчүк алып келген.15 күндөн кийин күчүк маркумдун бутун жана колунан тиштеп алган. Алар ооруканага кайрылбай эле, күчүк тиштеп алган жерди арак менен жууп коюшкан. 
 
«Медицина жана ветеринардык кызматкерлер менен биргеликте үймө-үй кыдырып ит менен байланышта болгондорду жана жабыркагандарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө. Калк жана жаныбарлар арасында кутурма оорусунун алдын алуу үчүн санитардык-агартуу иштери күчөтүлдү», - деп билдирди министрлик.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter