Жаңы окуу жылында милдеттүү мектеп формасы талап кылынабы? Билим берүү министрлигинин жообу…
- 05.08.2022, 13:28,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жаңы окуу жылында мектеп формасы өткөн жылдардагыдай эле калат. Бул тууралуу маалымат каражаттарына Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Мекеменин билдиргенине караганда, өлкө боюнча атайын бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбайт. Окуучулардын буга чейин мектеп формасы бар болсо, аны кийсе болот. Болбосо классикалык стилде – ак кофта, кара шым, юбка кийиши керек.
Өткөн жылдары эпидемиологиялык кырдаалга жана билим берүүнүн форматына байланыштуу милдеттүү мектеп формасын талап кылбоо чечими кабыл алынган.