У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


“Араб координациялык тобу” Кыргызстандын билим берүү тармагына 100 миллион доллар бөлөт


 3-августта Чолпон-Ата шаарында Араб координациялык тобунун IV кеңешмесинде Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкынан каржылык колдоо алуу жөнүндө макулдашты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. 
 
Жыйында Кыргызстанды өнүктүрүүнүн 2022-2026-жылдарга карата улуттук программасы талкууланды.
 
Жетишилген макулдашууга ылайык, Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө грант түрүндө 15 миллион доллар жана үстөк пайызы төмөн шартта 85 миллион доллар насыя ала алат.
 
Грант билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана окуу китептери менен камсыз кылууга багытталары пландалууда. Ислам өнүктүрүү банкынан, Абу-Даби өнүктүрүү фондунан жана Араб координациялык тобунун башка мүчөлөрүнөн алынган насыянын жарымы бала бакчаларды курууга, калган жарымы мектептерди курууга жумшалат.
 
Бала бакчаларды куруунун натыйжасында 45 миң бала мектепке чейинки билим берүү уюму, дагы 45 миң бала жаңы мектеп менен камсыздалары күтүлүүдө. Ал эми 3 миң тарбиячы жана мугалим жумуш орундары менен камсыз болот.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter