Сокулукта дыйкандар суу талашып, бир адам каза болду
- 01.08.2022, 19:17,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Сокулук районунда дыйкандардын ортосунда суугат суу үчүн чыр чыгып, ал мушташка айланып, натыйжада бир адам каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоо аянттарын сугарып жаткан айыл тургундарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал мушташка айланган. Ошол эле күнү кечинде алар маселени чечүү үчүн урушуп кеткен адамдардын биринин үйүнө кайра чогулушкан. Жаңжал учурунда маркумдун атасы сыртка чыгып кетип, кайра кайрылып келип баласы менен урушуп жаткандардын бирине бычак сайган.
Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок алган жаракатынан улам каза болгон.
Шектүү кармалып, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.