Электр энергиясын чексиз колдонууга өзүнчө тариф киргизилет…
- 27.07.2022, 16:24,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Министрлер кабинетинин башчысы электр энергиясын чексиз колдонууга өзүнчө тариф киргизүү тууралуу документке кол койгону турат. Бул туурасында энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтканына караганда, бул тарифке өтүүгө эч ким мажбурлабайт, төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү барлар өз калоосу менен кошуп алса болот. Тарифтин баасы 5,4 сом болот.
"Эки-үч күндүн ичинде Акылбек Үсөнбекович документке кол койсо эле бул тариф киргизилет. Кышында үйүн көмүр менен жылытууну каалабагандар 5,4 сомдон төлөп, электр энергиясын пайдалана берсин", — деди Бекмурзаев.