У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Чүйдөгү фермадан чыккан өрттөн 223 бука жана 30 миӊ түк чөп күйгөн


Кечээ, 17-июлда Аламүдүн районунун Пригородное айылында фермадан өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 223 бука жана 30 миӊ чөп күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматкы ылайык, өрт чалган ферманын жалпы аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түзгөн. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник Урматбек Шамырканов жетектеген ыкчам топ, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 бөлүм, Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, Свердлов райондук №2 ӨКБдан 1 бөлүм, Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм, Ленин райондук №6 ӨКБдан 1 бөлүм, Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 1 бөлүм, Бишкек шаардык №8 АӨКБдан 1 суу ташуучу унаа, өрт өчүрүү Штабы, ККББдан КБП унаасы менен ыкчам топ тартылган. 
 
Мындан сырткары КР ИИМ аймактык тескөөчүсү, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, “Газ чарба” кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. 
 
Алардын жардамында өрт түнкү саат 2:03тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда. 
 ]


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter