1-июлдан тарта Бишкек шаарынын автобус жана троллейбустарында накталай төлөм жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 1-июлдан «Тулпар» толугу менен ишке кирет.
Жүргүнчүлөргө накталай эмес төлөм ыкмаларын тандоо сунушталат.
- үч категориядагы (стандарттык, мектеп окуучулары үчүн, жеңилдетилген); «Тулпар» транспорттук карталары;
- Кыргызстандын бардык банктарынын байланышсыз VISA жана ЭЛКАРТ карталары;
- NFC виртуалдык картасы;
- «Тулпар» жана «Balance» тиркемесинде QR сканирлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду көрсөтүү менен.
Автобус, троллейбустарда жол кире 11 сом.