Нүргүл Жумагулова: «Залкар-Строй» курулуш компаниясы Тунгуч конушунун жашоочуларынын укугун тебелеп жатат
- 13.05.2022, 20:31,
- Коом / Жаңылыктар
- 2
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкек шаарынын тургуну Жумагулова Нүргүл редакциябызга жардам сурап кайрылды. Ал үйүнүн түбүнө уруксаты жок эле көп кабаттуу үй куруп жаткан «Залкар -Строй» компаниясына кандай чара көрсө боло турганын жана кимге кайрыларын билбей жатканын айтты.
Анын айтканына караганда, көп кабаттуу үй Тунгуч конушундагы Тунгуч көчөсүндө курулуп жатат. Ал жерде жер үйлөр да орун алган. Компания үйдү куруп баштаганда жакын жайгашкан үйлөр менен аралыкты сактаган эмес. Тактап айтканда, көп кабаттуу үй жакындагы үйлөргө өтө жакын салынууда. Үйдү куруп жаткан тарап жашоочуларга эч кандай түшүндүрмө беришкен эмес жана уруксат сурабаган.
«Залкар- Строй» курулуш компаниясы көп кабаттуу үй курууда тиешелүү талаптарды аткарбай жатат. Алар жакын жайгашкан үйлөр менен аралыкты белгиленген нормада сакташкан жок. Курулуп жаткан үй биз жашап жаткан үйлөргү аябай жакын салынууда. Айтсак, алар бизди укпайт. Эмне деп жатасыӊ деп деле койгон жок. Машина токтотуучу жайы сыртта болгондуктан, жолдун баарын машина тосуп, балдар мектепке өтө албай калышты. Бул жерде биздин укук тебеленип жатат. Ушул жердин жашоочусу катары биз, курулуш компания курулушту бектилиген нормага ылайык жүргүзүүсүн талап кылабыз. Болбосо курулуш иштерин токтотсун. Акчасы, таанышы бар болсо эле өз билгенин жасай берсе болобу? Биздин укукту ким коргойт?», -дейт Жумагулова.
Р. S. Редакция экинчи тараптын пикирин угууга даяр.