У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Министрлик: 12 жылдык билим берүүгө 2024-2025-окуу жылында өтүшүбүз мүмкүн


 Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн болжолдуу жылын билдирди.
 
Анын айтканына караганда, 12 жылдык билимге өтүү кечээ эле пайда болгон жок. Бул системага өтүүгө көп жылдан бери эле даярдык көрүлүп келген.  
 
«Өлкөнүн бардык аймактарында 12 жылдык билим берүүгө өтүүгө 4 миңден ашык класстар даяр. Класстар жабдылган. Негизги көйгөй Бишкек болчу, бирок мэр жаңы окуу жылына чейин 15 мектеп курулат деп убада кылды. 2022-2023-окуу жылында биз бул системага өтпөйбүз. Мүмкүн, 2024-2025-окуу жылында баары даяр болсо, жаңы система менен иштей баштайбыз», - деди министрдин орун басары.
 
7-апрелде Билим берүү министрлигинин башчысы Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандагы мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтө турганын билдирген. Балдар биринчи класска 7 жаштан эмес, 6 жаштан кабыл алынат.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter