У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды


 Бүгүн эртең менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткенине байланыштуу  жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
 
Жүргүзүлгөн электрокардиография жана коронардык ангиография процедуралары миокард инфарктын тастыктаган жок, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.
 
Учурда министрлер кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу жана канааттандырарлык.
 
Дарыгерлердин кеңешмесинде Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жаткан шартта калыбына келтирүү чечими кабыл алынды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter