Бишкекте изделип жаткан 26 жаштагы келин 6 жашар кызы менен Жалал-Абад шаарынан табылды
- 25.04.2022, 13:50,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте дайынсыз жоголгон 26 жаштагы Мунара Кыштобай кызы менен анын алты жаштагы кызы Жансу Жалал-Абаддан табылды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«23-апрель күнү саат 19.15тер чамасында Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Бишкекте изделип жаткан келин менен анын 6 жашар кызын табышкан. Алар аман-эсен экени айтылган. Учурда окуянын чоо-жайы такталууда», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 21-апрель күнү «ТЭЦ-2» жаңы конушундагы үйдөн 26 жаштагы келин 6 жашар кызы менен чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. 23-апрелде милиция аларга издөөгө салган.