У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөт? Мэриянын жообу…


4-апрелден тарта Бишкекте жылуулук өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, мындай чечим вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жетектеген күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынды.
 
Мэрия бекитилген критерийлерге ылайык, керектөөчүлөрдү жылуулуктан өчүрүү көчөдө абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо башталат деп эскертти. 
 
"Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, 31-марттан баштап абанын орточо суткалык температурасынын жогорулашы күтүлөт, кескин суук болбойт", — деп билдиришти муниципалитеттен.
 
Буга чейин Ош мэриясы шаарда жылуулук 1-апрелден тарта өчүрүлгөнүн билдирген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter