У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды


     
Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Анын айтымында, үй Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, объектини 2023-жылдын апрель-май айларында пайдаланууга берүү пландалууда.
 
«8 кабаттуу имараттын каркасы мурда эле бар болчу, аны 12-кабатка көтөрүү пландалууда», - деп билдирди министрлик.
 
Саламаттыкты сактоо министри Адымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, курулуш иштери аяктаганга чейин мекеме медицина кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу тартибин аныктайт. 
 
«Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курулган эмес. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржылоо булактары табылса, дагы бир үй куруу пландалууда», - деди ал.
 
Эске салсак, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев бул үйдү өз каражатына кура турганын айткан. Анын айтымында, ал үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө 130 коттеджди саткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter