У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

 
 Бүгүн, 23-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар үзгүлтүксүз жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унааларга бардык түрүнө убак-убагы менен чектөө киргизилип турат.Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигин басма сөз кызматы билдирди. 
 
"Узак жолго камынып алган жүргүнчүлөр жана айдоочулар  жол кырсыгынын алдын алуу үчүн трос, дөңгөлөк чынжыры, күрөк жана медициналык аптечка, суу, тамак-аш  алууну унутпаңыздар.
 
Зарылчылыгы жок болсо, алыскы жолго чыгуудан убактылуу баш тартууну суранабыз. Учурда каар жаап жаткандыгына байланыштуу кар көчкү жана кар күрткү түшүү коркунучу күтүлүүдө.
 
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.   
 
Кырсык катталган учурда жардамга 112 ыкчам номерине кайрылыңыздар!",-деп билдирет мекемеден.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter