У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алты жашар баласы менен дайынсыз болуп жаткан келин изделүүдө


Токмок шаарында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Анастасия Сытина менен анын алты жаштагы уулу Евгений Дьяковду издеп жатышат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
«19-январда милицияга Сытинанын күйөөсү арыз менен кайрылган. Анда ал 11-январь күнү саат 14:00дөр чамасында Токмак шаарынан аялы менен баласы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегенин айткан. 
Анастасиянын белгилери: бою 170 сантиметр, күрөӊ сары. Ал кара күрмө жана кызыл баш кийим кийип жүргөн.
 Евгенийдин белгилери: бою 110 сантиметр, күрөӊ сары. Ал кара түстөгү спорттук шым жана кочкул көк түстөгү кышкы күрмө кийип жүргөн», - деп билдиришти ШИИБден. 
 
Милиция изделип жаткандар тууралуу билгендерди Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө – 0312430127, 0312438885, Токмак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө – 0312607363, 050190065 телефондору аркылуу билдирип коюуну суранат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter