Кытайлар мындан ары ит жебейбиз дешти
- 11.04.2020, 11:03,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыбыр эткендин баарын эле жей берген кытайлыктар мындан ары иттин этин жегенден баш тартышты. Алар буга чейин жылына тамак-аш үнүн 10 миллионго жакын ит өлтүрүшчү. Бул тууралуу ишкерлик темасына ылайыкташкан британиялык «Quartz» агенттиги жазды.
Кытайлар коомдун талкуусуна «Адамзат цивилизациясынын жана коомчулуктун жаныбарларга камкордугунун өнүгүшүнө байланыштуу иттер адамга шерик жаныбарга айланды» деген билдирүү таратышты.
«Quartz» бул документтин пайда болушу дүйнөнү азапка салып жаткан коронавирус илдетинин жапайы жаныбардан адамга жуккан деген шектенүүнү күчөтүп жатканын жазды. Анын үстүнө февраль айында Кытай жапайы жаныбарлардын этин жегенге убактылуу тыюу салган.