У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: Жеке медициналык окуу жайларды ачуу акча табуунун эӊ оӊой жолу…

 
Жеке медициналык окуу жайларды ачуу — бул эң оңой бизнес.  Аны депутаттар, олигархтар гана ачат. Бул тууралуу 11-мартта Биринчи радиодонун эфиринде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
 
«Башка ишкана ачуу үчүн көп күч, акча талап кылынат. А бул жерде жөн эле ачып студенттерден акча алып жатасыңар. Эң оңой бизнес», - деди министр.
 
Бейшеналиевдин айтымында, жакшы университетке тиешелүү кадрлардын составы керек. 
 
«Студенттерге жогорку деӊгээлде билим берүү үчүн 20 медицина факультетине канча профессор, доцент керек? Ансыз да Славян университетинде окутуучу кадрлар жетишсиз. Ал эми кээ бир профессорлор жөн эле штатта жүрүшөт, бирок сабак беришпейт. Атын сатышат», - деди министр.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter