У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алымкадыр Бейшеналиев: Ооруканалардын аймагындагы мыйзамсыз сатылып кеткен жерлер кайтарылат


 Көптөгөн мамлекеттик медициналык мекемелердин жер тилкелери мыйзамсыз түрдө жеке колго өтүп кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
 
Анын айтымында, учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ордун кайтарып алуу аракетин көрүүдө.
 
«Мындай көйгөйлөр көп ооруканаларда бар. Биз бардык жерлерди сот аркылуу кайтарып беребиз. Оштогу оорукананын аймагындагы мыйзамсыз сатылып кеткен жерлерди кайтарып алдык. Жакында Бишкектин Жал ооруканасынын  аймагындагы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен 7 жер боюнча соттон утуп алдык», - деди министр.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter