Ваучер – англис тилинен алганда кепилдик, тил кат деген маанини берет.
Ага ылайык ар бир окуучуга кеткен минималдык же базалык чыгымдар эсептелип, ошого ылайык ар бир окуучуга ваучер же кызмат сатып алуу сертификаты берилет.
Биздин өлкөдөгү буга чейинки эсептөөлөргө караганда, ар бир окуучунун билим алуусуна кеткен бир орточо жылдык чыгым 13 000 сомдун тегерегинде.
Ваучердик каржылоодо окуучу ата-энеси менен биргеликте кайсы мектепке бара тургандыгын өзү чечет. Демек кайсы мектепте окуучунун саны көп болсо, ошол мектепке көп каражат барат. Ар бир окуу жай сапаттуу окутууга, дагы көп окуучуларды тартууга аракет кылат.
Ваучердик каржылоо мектептердин ортосунда акыйкат атаандаштыктан тышкары жеке мектептердин да өнүгүшүнө шарт түзүшү мүмкүн. Эгерде окуучу жеке мектепти тандап ала турган болсо, мамлекет тарабынан кепилдик катары берилген сумманын үстүнө кошумча акы төлөп окуганга мүмкүнчүлүк алат. Мындайча айтканда, мамлекет баланын окуусун кеткен чыгымдын кепилденген бөлүгүн ваучер аркылуу төлөп берет, калганын баланын ата-энесинин эсебинен болот.
Автор:Асылбек Жоодонбеков, билим берүү боюнча эксперт