У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектеги мектептерде окуучулардын бут кийимдердин алмаштырып кийүү сунушталууда

 
Бишкектин мектептеринде окуучулардын үйдөн кийип келген бут кийимдерин чечип, башка бут кийим кийүү системасы ишке кирүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеӊешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында борбор калаанын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов билдирди.
 
Анын айтымында, бул система учурда Бишкектин үч билим берүү мекемесинде пилоттук түрдө ишке ашырылууда.
 
Вице-мэр бул окуучулардын мектепке кир бут кийим менен келбеши керектиги үчүн эмес, алардын тазалыкка болгон сүйүүсүн арттыруу үчүн жасалганын белгиледи.
 
Ал кошумчалагандай, ушул эле мектептерде таштандыларды өзүнчө чогултуу системасы да ишке ашырылууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter