Бишкекте 16 мектеп жана 1 бала бакча карантинге жабылды
- 18.01.2022, 11:45,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
18-январга карата Бишкек шаарында коронавируска байланыштуу 16 мектеп жана бир бала бакча жабылды. Анын ичинен 13 мамлекеттик жана 3 жеке менчик. Бул тууралуу Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары мамлекеттик мектептерде 9 класс, жеке менчик мектептерде 10 класс карантинге жабылды.
Бардык бул мектептердин окуучулары 2 жума бою онлайн окушат.