У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ош шаарында өз жанын кыйган кыз жакындарына коштошуу катын жөнөткөн


Ош шаарында 12-кабаттан секирип өз жанын кыйган кыз жакындарына коштошуу катын жазганы айтылды.
 
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, учурда кызды өз жанын кыюуга түрткөн себептер боюнча версиялар текшерилүүдө. Ал Whatsapp аркылуу жакындарына коштошуу каттарын жөнөткөн.
 
Кыздын атасы жок, апасы Орусияда иштейт. Сөөктү эне тараптагы туугандары алып кетишкен.
 
Эске салсак, Ош шаарында кыз Корона турак жай комплексинин 12-кабатынан секирип өз жанын кыйганы тууралуу айтылган. Маалыматты шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков тастыктаган.
 
Анын айтымында, окуя 13-январь күнү таңкы саат үчтөр чамасында болгон. Баткен облусунун Кадамжай районунун 2001-жылы туулган кыз Ош шаарында убактылуу жашап келген. Кыз Ош юридикалык институтунун колледжинин 2-курсунда окуган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter