У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 60 жаштагы аял антибиотик ичип каза болду


Бишкекте 60 жаштагы аял антибиотик ичип каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.
 
Анын айтымында, тез жардам кызматына антибиотик ичип, аллергия болгон аял кайрылган.
 
«Ал антибиотикти телефон аркылуу кимдир-бирөөдөн угуп ичиптир. Аны кабыл алгандан кийин аллергиялык реакция пайда болгон. Тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, тилекке каршы, ал каза болду», - деди ал.
 
Борисов белгилегендей, акыркы күндөрү коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу дарыгерлерге кайрылгандардын саны көбөйгөн.
 
Ал адамдарды өз алдынча дарыланбоого жана дарыгердин көрсөтмөсү жок антибиотиктерди ичпөөгө чакырды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter