У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 28 миң наристе бала бакчага кезекте турат


     Бишкекте 28 миң бала бала бакчага кезекте турат. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, борбордо 90 муниципалдык бала бакча бар, аларга 23 миң бала барат. 
 
«Быйыл үч бала бакча пайдаланууга берилген. Келерки жылы дагы эки «Ак-Шоола» жана №135 бала бакчаны капиталдык оңдоодон өткөрүүнү пландап жатабыз», - деди ал.
 
Анын айтымында, быйылкы жылы жаңы конуштардагы беш бала бакчанын курулушуна капсула салынды. 
 
«Бирок алар келерки жылы бүтпөйт. Орточо алганда, курулуш үч жылдан беш жылга чейин созулат ", - ал.
 
«Бакчага кире албагандар үчүн даярдоо топтору жана балдарды мектепке чейинки даярдоо боюнча «Наристе» программасы бар. Анын аркасы менен алар биринчи класска кирүү үчүн негизги жардамдарды ала алышат», - деди ал.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter