У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды


 Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, билим берүү мекемесинде бир инкубациялык мезгилде эки учур аныкталган.
 
 «Ошондуктан, алгоритм боюнча биз мектепти карантинге жабууга туура келди. Ал жерде мугалим менен окуучу ооруп калышты. Бирок алар башка окучуулар менен  байланышта болгон жок, ал жерде очок жок», - деди ал.
 
Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептериндеги үч класс дагы онлайн режимге өткөнүн белгиледи.
 
«Жаңы жылдан кийин бардык мектептер онлайн окутууга өтөт деген сөздөр айтылып жатат, бирок бул туура эмес маалымат. Азыр мектептерди карантинге жабууга эч кандай себеп жок», - деп кошумчалады ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter