У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Колун чынжыр менен байланган. Баткендин тургуну Тажикстанда кантип сабалганын айтып берди


 Баткен облусунун Дахма айылынын тургуну Ж.Айдаров коңшу тажик айылынан кантип кармалып, кантип ур-токмокко алынганын журналисттерге айтып берди.
 
Кыргыз жаранынын айтымында, аны бир нече жылдан бери чогуу жашап жүргөн кошуналары кармап кетишкен.
 
«Мага байланып турган уйдун качып кеткенин айтышты. Сыртка чыгып малдын изин көрдүм. Артынан барсам, капысынан кошунам Мураттын уулу кол салды, алар тажиктер. Анан дагы бир нече киши келди. Башыма баштык кийгизип, бир жертөлөгө сүйрөп кетишти. Мени бошоткондон кийин Сомоньендеги мектеп экенин көрдүм. Колу-бутум чынжыр менен байланган. Алар муунтуп, сабашты. Караңгы экен, жүзүн көрө албадым. Бычак менен коркутушту. «Биздин айылга атайын келдим деп айтасыӊ»,- деп талап кылышты. Телефонго тартып алган окшойт. Анан башкалар келип мени бошотушту. Имараттан чыкканыбызда милиция кызматкерлерин көрдүм», - деди Ж.Айдаров.
 
Анын айтымында, тажик милиция кызматкерлери өзүн иретке келтирүү үчүн суу беришкен. Анан кыргыз тарапка өткөрүп беришкен. 
 
«Мен улгайган адаммын, дагы бир чыр-чатактын алдын алышыбыз керек. Адам курмандыктары болбосун», - деп кошумчалады жабырлануучу.
 
Айдаровдун жакындары бийликтен кыргыз-тажик айылдарынын ортосуна күзөт коюуну же тосмо курууну суранышууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter