У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


«Чоӊ атам эмдөөдөн өткөн». Дастан Байжиев Алымкадыр Бейшеналиевдин калпын чыгарды


29-октябрда дүйнө салган жазуучу, драматург, режиссер маркум Мар Байжиев эмдөөдөн өткөн. Бул тууралуу маркумдун небереси Дастан Байжиев твиттердеги баракчасына жазды. 
 
Анда ал саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтканы чындыкка дал келбей турганын, маркум чоӊ атасынын эмдөөдөн өттү деген сертификаты бар экенин айткан. 
 
«Урматсыз министр, эки нерсени тактап коеюн: биринчиден, сиз аны менен сүйлөшкөн эмессиз, экинчиден, чоң атам эмдөөдөн өткөн. Эмдөөдөн өткөн эмес деген сөз чындыкка дал келбейт. Менде эмделгени тууралуу сертификаты бар», — деп жазды Дастан Байжиев.
 
 Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин «Ала-Тоо 24» каналынын эфиринде жазуучу эмдөөдөн өткөн эмес деп билдирген болчу.
 
«Биз коронавирусту эмдөө аркылуу гана жеңе алабыз. Ооругандардын көпчүлүгү 70 жаштан ашкан, башка дагы өнөкөт оорулары бар адамдар. Белгилүү адамдар өтүп кетип жатканы өкүндүрөт. Жакында эле Мар Байжиев өтүп кетти. Биз аны менен маектешкен учурда, анын эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон», — деген ошондо Бейшеналиев.
 
Жазуучу 29-октябрда дүйнө салган, бирок ага эмне себеп болгону айтылган эмес.
 
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сөз сүйлөрдө чын-төгүнүн тактап алса, өзгөчө эл кадырлап, сыйлаган, белгилүүлөр туурасында сөз кыларда аяр мамиле кылса болмок. Көзү өтүп кеткен адамдын артынан да калп айтып, упай топтоогондон уялса болмок. Алымкадыр Бейшеналиев чындыкка дал келбеген маалыматы үчүн жооп береби?..

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter