Covid-19 инфекциялык вирусун иштеп чыккан адам кармалды
- 06.04.2020, 20:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
АКШ укук коргоочулары Covid-19 инфекциялык вирусун иштеп чыккан деп, Гарвард университетинин окумуштуусун кармашты. Дал ушул адам Кытайга жаман вирусту жиберген делип айыпталууда. Мындай маалыматты АКШнын Юстиция министрлиги жергиликтүү телеканалдардын бири аркылуу жарыялады. Шектүү катары Гарвард университетинин "Биология жана химия" бөлүмүнүн башчысы Чарльз Либер аттуу окумуштуу кармалды. Окумуштуунун Ухандагы университеттердин бири менен жаңы вирусту ойлоп табуу тууралуу келишими бекитилгени маалым болду. Окумуштуу өзүнүн иш бөлмөсүнөн кармалып, учурда камакка алынгандыгы айтылды.
Чарльз Либер Гарвард университеттин перспективдүү окумуштууларынын бири. Анын бир жылдык кирешеси 1,5 млн долларды түзөт. Ал өзүнүн илимий иштерин Бостон, Гарвард университеттеринин жана Улуттук ден соолук институтунун гранттары аркылуу ишке ашырып келген. Ошондой эле Кытайдан да мезгил мезгили менен акы алып турчу.