У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Телефон уурдаган уурулардын тобу колго түштү


 Телефон уурдаган уурулардын тобу колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери уурдалган смартфондорду сатып алган жана телефон уурдоо менен алектенген уурулардын тобу тууралуу маалымат алышкан. Милиция кызматкерлери сатып алуучуну ушундай уюлдук телефондорду сатып алам деп жаткан жеринен кармашкан. Ал 1987-жылы туулган Б.Э. экени аныкталган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
 
Ошондой эле 1991-жылы туулган Ж.А., 1988-жылы туулган Д.А. колго түшкөн. Алар телефон уурдоого шектелүүдө.  Алардын уурулук фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 
 
Мындан тышкары, сатып алуучунун үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Милиция кызматкерлери ар кандай үлгүдөгү 34 телефон жана 3 сим-карта табышкан. Тартип сакчыларынын айтымында, уюлдук телефондор чөнтөкчүлөрдөн сатылып алынган. Смартфондордун айрымдары ээлерине кайтарылып берилди, ошондой эле кылмышкерлердин аракетинен жабыркаган башка адамдар да изделүүдө.
 
Буга байланыштуу милиция жабырлануучуларды 0 (709) 144-505 жана 102 телефондоруна кайрылууну өтүнөт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter