У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жапаркул Ташиев министрдин орун басары болуп дайындалды


Жапаркул Ташиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Буга чейин ал Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы болгон.
 
Ташиев 1960-жылы 28-январда туулган. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
 
Эмгек жолу:
 
- 01.08.1983 - 10.10.1985 — «Эмгек туусу» гезитинин редактору;
 
- 09.09.1985 - 18.02.1986 — Эл депутаттар кеңешинин Кара-Суу райондук аткаруу комитетинин инструктору;
 
- 24.02.1986 - 26.05.1987 — «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы;
 
- 25.05.1987 - 28.07.1989 — Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиум кеңешинин ишиндеги маселелер боюнча консультант;
 
- 28.09.1987 - 24.07.1989 — Кыргыз ССР Жогорку советинин Президиум башкармалыгынын протокол бөлүмүндө башкы консультант;
 
- 24.07.1989 - 26.08.1990 — Кыргыз компартиясынын Ош облустук комитетинин идеология бөлүмүндө инструктор;
 
- 27.08.1990 - 03.04.1991 — СССР Жогорку советинин катчылыгынын актыларды жарыялоо бөлүмүнүн кыргыз тобунун жетекчи-консультанты (Москва шаары);
 
04.04.1991 - 16.11.1993 — Ош облустук «Ленин жолу» гезитинде редактор;
 
- 29.10.1993 - 20.07.1994 — Ош облустук мамлекеттик администрациянын жетекчисинин орун басары;
 
- 20.07.1994 - 20.12.1994 — Ош облустук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси;
 
- 20.12.1994 - 23.01.1995 — Ош облустук администрациясынын жетекчисинин орун басары;
 
- 26.09.1995 - 21.01.1997 — Өкмөт аппаратынын идеология жана маалыматтык камсыздоо бөлүмүндө референт;
 
- 15.01.1997 - 08.08.2006 — «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редакторунун орун басары;
 
- 07.08.2006 - 16.12.2009 — Ош облустук «Ош жаңырыгы» гезитинде башкы редактор, Ош облустук мамлекеттик администрациянын коллегия мүчөсү;
 
- 11.12.2009 - 01.08.2012 — Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директорунун кеңешчиси;
 
- 09.04.2010 - 01.08.2012 — Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директорунун орун басары;
 
- 01.08.2012 - 01.2018 — Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын статс-катчысы;
 
- 01.2018 - 25.05.2021 — Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы;
 
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы болуп 2021-жылдын 28-майында дайындалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter