У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балдар үйүнүн 6 бүтүрүүчүсүнө батир берилди


 
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсүнө батирлердин ачкычын тапшырды,- деп билдирди муниципалитеттин басма сөз кызматы.
Үй алгандар: Ю.Н Емельянов, И.У. Байбосунов, С. Жекшенов, К.Нукеш уулу, Ж.Э. Эркинбекова, Б.К. Атанов.
 
Жаӊы үй алгандардын баары буга чейин мэрияда каттоодо турган. Алар турак-жайга муктаж болгон.  
 
Ачкычтарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасындагы Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова катышты. Ал муктаждарга колдоо көрсөтүп жаткан мэрияга ыраазычылык билдирди.
 
Ошондой эле турак-жай маселеси боюнча коомдук комиссиялардын курамына райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарынын өкүлдөрүн киргизүү чечими кабыл алынды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter