Ноябрда кыргызстандыктар 4 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына караганда, 6, 7, 8 жана 9-ноябрь күндөрү дем алыш күндөрү болот.
«Быйыл 7-ноябрь жекшембиге туура келгендиктен, мыйзамга ылайык, кийинки иш күнү дем алыш күн болуп калат», - деп билдиришти башкармалыктан.
Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп белгиленген.