У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


АКШ эмчек безинин рагына каршы вакцинаны сынап баштады


 АКШнын Кливленд шаарында эмчек рагына каршы вакцинанын адамдарга сыноо баскычы башталды. Вакцина эмчек рагынын үч түрүнүн алдын алууга багытталган.
 
Буга чейин изилдөөчүлөр чычкандарга сыноолорду жүргүзүп, эксперименттер оң натыйжаларды көрсөткөн. Ошондуктан, АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармек башкармалыгы инъекция үчүн препаратты колдонуудагы арызды жактырды.
 
Белгилүү болгондой, биринчи этапта илимпоздор акыркы үч жылда эмчек рагы диагнозу коюлган 18-24 адамды, ошондой эле рактан айыгып кеткен, бирок кайталануу коркунучу жогору болгондорго сыноо жүргүзөт.
 
«Сыноо биринчи узак мөөнөттүү изилдөө болуп саналат, ал жок дегенде эмчек рагын алдын ала турган вакцинанын пайда болушуна шарт түзөт деп үмүттөнөбүз. Биздин узак мөөнөттүү максатыбыз бул вакцина эмчек рагынын, айрыкча оорунун агрессивдүү түрлөрүнүн алдын ала аларын аныктоо болуп саналат», - деди онколог Томас Бадд, изилдөөнүн башкы автору.
 
Сыноо учурунда катышуучулар эки жума сайын үч жолу эмдөөдөн өтүшөт. Сыноого катышкандар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, текшерүүдөн өтүп турушат. Изилдөөчүлөр ал аралыкта вакцинанын оӊ жана терс натыйжаларын байкашат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter