У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


3-апрелде Мартин Купер биринчи жолу уюлдук телефондон чалуу аткарган

1973- жылы 3- апрелде «Motorola» компаниясынын инженери Мартин Купер биринчи жолу уюлдук  телефондон чалуу аткарган. Америкалык “Motorola” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган.
 
Мартин Motorola DynaTAC 8000Х моделиндеги телефон менен «Motorola» компаниясына  атаандаш  болуп келген «Bell Laboratories» компаниясында иштеген таанышына уюлдук телефон менен сүйлөшүп жатканын далилдөө үчүн чалган.  
 
Ошол кездеги  телефондун салмагы 900 грамм, узундугу 22 см, туурасы 4 см, 12 см калыӊдыкта болгон. Телефондун кубаттуулугу 30 мүнөткө гана жетип, кайра аны толтурууга 10 саат убакыт керектелген. 
 
Ал эми Кыргызстанда 1994-жылы 12-июлда  уюлдук телефондон биринчи жолу чалуу аткарылган.  Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ  болгон.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter