У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Дүкөндөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы изделүүдө


 
1999 -жылы туулган Темирбек кызы Азиза изделүүдө. Биринчи Май РИИБдин басма сөз кызматы 16 -сентябрда билдиргендей, кыз 14 -сентябрдан бери дайынсыз болууда.
 
Кыздын апасынын айтымында, күндүзгү саат экилер чамасында Азиза бут кийим саткан дүкөндөн чыгып кетип, кайра байланышкан эмес.
 
Бул факт КЖБРине катталган жана кыздын жоголгону туурасындагы маалыматтар Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык милиция бөлүмдөрүнө жөнөтүлгөн.
 
Учурда милиция кызматкерлери Азизаны издеп жатышат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter